Бишкек, 13.01.23./Кабар/. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин кабыл алынгандыгынын 29 жылдыгына карата Ички иштер министрлигинин Борбордук аппаратында салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
Майрамдык салтанатка мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, ички иштер министри Улан Ниязбеков, милициянын оставкадагы генерал-майору Садырбек Дубанаев жана борбордук аппараттын өздүк курамы катышты.
Иш-чараны ачып жатып, КР ИИМ башчысы: «Мамлекеттик герб Кыргызстандын элинин эркиндигин жана Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүн символдоштурат. Гербдин мааниси улуу жана ыйык. Бул элибиздин биримдигин, тарыхый, руханий жана адеп-ахлактык баалуулуктарын, жаркын келечекке умтулуусун чагылдырат.
Легендарлуу парламент тарабынан бекитилип, кабыл алынган Мамлекеттик герб өлкөбүздүн эгемендүүлүгүн күбөлөндүрүп, бардык эл аралык жана расмий иш-чараларда, мөөр, жарандыгын ырастоочу жана бардык документтерде колдонулуп, кыргыз элинин турмушунда маанилүү орунду ээлейт.
Ички иштер органдарына өлкөбүздүн коопсуздугун камсыз кылуу жана жарандарды ар кандай кылмыштуу кол салуулардан коргоо гана эмес, калк арасында, өзгөчө жаштар арасында агартуу иштерин жүргүзүү, туура жашоого үндөө, адамдык асыл сапаттарга үндөө милдети жүктөлгөн.
Президентибиздин “Инсандын руханий-адептик өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу менен биз мамлекеттик символикаларды, өлкөнүн тарыхын, ата-бабаларыбыздын улуу мурасын изилдөө, улуттук баалуулуктарды алып жүрүү жана сактоо максатында окуу-тарбия иштерин системалуу түрдө жүргүзүп келебиз.
Кыргыз милициясынын кызматкерлери Ата-Мекенге кызмат кылууда өзүнүн ролун жана ордун терең түшүнүү, кызматтын талаптарын аткаруу үчүн жеке жогорку жоопкерчилиги, өз милдетин аткаруу үчүн зарыл сапаттарды жана көндүмдөрдү калыптандыруу зарылчылыгына ишенгендиги менен айырмаланат.
Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин иш күнү маанилүү салт менен – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусун көтөрүү, гимндин коштоосунда башталат. Желек, гимн, герб мамлекеттин эгемендигин жана иденттүүлүгүн камтыган негизги символдор болуп саналат.
Мындан сырткары ИИМ жетекчиси ички иштер органдарынын кызматкерлерине жасалган Кайрылуусунда көрсөтүлгөн талаптарды ар бир кызматкер аткарууга милдеттүү экендигин белгиледи”.
Эгемен Кыргызстандын башкы жана ажырагыс атрибутун жаратуучулардын бири, милициянын отставкадагы генерал-майору Садырбек Дубанаев чогулгандарга кайрылды.
“Мамлекеттик белгини түзүү сынагын жарыялоо учурунда мен бир убакта Нарын облусунун Ат-Башы районунун Акмоюн округунун атынан “Легендарлуу парламенттин” депутаты болчумун. Ошондуктан мен тарыхый иште нарындыктар дагы активдүү катышуу керек деп эсептегем.
Сүрөтчү Асейин Абдраевди өзүмдүн кабинетиме чакырып, мамлекеттик гербди түзүү сынагына катышуусун сунуштасам, ал буга күмөн ойлорун айтып, “Республикада белгилүү сүрөтчүлөр бар болсо, биз алар менен күч сынаша алмак белек”, - деп жооп берип койгон. Мен болсо өжөрлүгүмдүн айынан аны сынакка катышууга макулдугун алгам. Гербди түзүүгө толугу менен эки жыл кеткен.
Мамлекеттик герб боюнча комиссияга “Легендарлуу парламенттин” 21 депутаты кирип, төрагасы белгилүү жазуучу Казат Акматов болгон.
Республикадан жалпысынан 2 234 гербдин эскизи келген. Конкурстук тандоо Г. Айтиев атындагы улуттук сүрөт музейинде өтүп, баардык эскиздер жалпы сыноо үчүн илинген. Карапайым адамдар өздөрүнүн жазуу түрүндөгү сунуштарын калтырууга мүмкүнчүлүк алышкан.
Туубуз Жогорку Кеңеш тарабынан 1992-жылы 3-мартта, ал эми гербти талкулоо 2 жылга созулуп, 1994-жылы 14-январда кабыл алынган. Гербдин авторлору Асейин Абдраев менен Садырбек Дубанаев экөөбүз гана эмеспиз. Гербдин авторлору деп Кыргызстандын бүт элин атасак болот.”-деп ардактуу ардагер эскерүүлөрү менен бөлүштү.
Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов чогулгандарды келе жаткан маанилүү майрам менен куттуктады. Ал өз сөзүндө бийликтин түпкү маңызын аныктаган негизги максаттары - элге ак кызмат кылуу, эмгекчилдик, мекенчилдик экенин баса белгиледи.
«Жүрөгүбүздө ыйык сакталган мекенчилдик, ата-бабаларыбыздын жаркын элесине парз сезими, элдин эркиндикти сүйгөн духу бизди алдыга жетелеп, күч-кубат берет. Кыргызстандын жаркын келечеги үчүн биз өлкөдөгү тынчтыкты жана бейпилдикти, улуттар аралык ынтымакты баалап, коргоп, мамлекеттүүлүгүбүздү, коомдогу биримдикти сакташыбыз керек. Бул ар бир кыргызстандыктын ыйык милдети», - деди Сүйүнбек Касмамбетов.
Иш-чаранын конокторуна тарыхый документтер, фотосүрөттөр, иш процесси жана гербди бекитүү тууралуу слайддар көрсөтүлдү.
Пикир
Оставить комментарий