• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан “Менин үйүм” программасы иштелип чыкты

Коом 0

Бишкек, 06.08.24. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан “Менин үйүм” программасы иштелип чыкты. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасынын орун басары Тилек Жеембаев “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, “Менин үйүм” программасы 2018-2040-жылдарга Кыргызстанды өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясына жана 2026-жылга белгиленген Улуттук программага ылайык келет.

“Жаңы программаны ишке ашыруунун алкагында турак жай менен камсыз кылууга комплекстүү чараларды колдонуу пландалууда. Алар турак жай курулушунун көлөмүн арттырууга, анын наркын төмөндөтүүгө, турак жайды каржылоо, ипотекалык кредит берүү шарттарын жакшыртууга өбөлгө түзөт. Ошондой эле жеке турак жай шарттарын өз алдынча жакшыртууга мүмкүнчүлүгү бар жарандардын санын көбөйтүүгө жол ачат”, - деди ал.

Тилек Жеембаев жаңы программанын максаты өлкөнүн жарандарын жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу болуп саналарын айтты.

2030-жылдын аягында төмөнкүдөй көрсөткүчтөргө жетүү пландалууда:

  • жалпы суммасы 100 млрд сомдон кем эмес каржылоо тартылат, анын ичинде эл аралык донорлор да бар;
  • 2 млн чарчы метрден кем эмес көлөмдөгү турак жайды сатып алуу жана анын курулушу каржыланат;
  • 40 миңден кем эмес үй-бүлө турак жай менен камсыз кылынат.

Ошондой жаңы программада арыз берүүчүлөрдүн жаш курагы 21ден 18 жашка чейин төмөндөтүлдү.

Мамлекеттик ипотекалык компания белгилегендей, өкөнүн жарандарын турак жай менен камсыз кылуу республиканын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн маанилүү аспектилеринин бири болуп саналат. Бул маселени чечүү калктын жашоо-турмушунун деңгээлине оң таасирин тийгизет, тышкы жана ички миграцияны азайтууга өбөлгө болот, жер-жерлерде жогорку квалификациялуу кадрларды бекемдөө үчүн шарттарды түзөт, коомдогу социалдык чыңалуунун деңгээлин төмөндөтөт, жана ошондой эле жалпысынан жарандардын жашоо сапатына таасирин тийгизет. Ошондуктан, калктын турак жайга болгон суроо-талабын канааттандырууга мүмкүндүк берген турак жай менен камсыз кылуу механизмдерин колдонуу бөлүгүндө мамлекеттин бирдиктүү стратегиясын түзүү зарыл.

Пикир

Оставить комментарий