• 86.8
  • 91.22
  • 0.82

Мамлекеттик ипотекалык компания жарандарды шылуундардан сак болууга чакырат

Коом 0

Бишкек, 05.11.24. /Кабар/. Мамлекеттик ипотекалык компания жарандарды ипотека алуу үчүн арыз толтурууга жардам сунуштап, кезекке коюп берем деп акча алган шылуундардан сак болууга чакырды.

Мекемеден маалымдашкандай, сайтка кирип өтүнмө берүү электрондук түрдө жүргүзүлөт жана кезекке туруу автоматташтырылган.

"Мамлекеттик ипотекалык компаниянын кеңсесине келсеңиздер адистер кеп-кеңеш, жардам беришет жана сизди кызыктырган бардык суроолорго жооп аласыз", - деп белгилешти компаниядан.

Ошондой эле МИК акча сураган же талап кылган шылуундарга карата укук коргоо органдары чара көрөрүн кошумчалады.

Кайрылуу үчүн жарандар МИКтин Бишкек шаары, Чыңгыз Айтматов проспекти 1 дарегине кайрылса же WhatsApp +996 553 988 901, Тел.: 0312 56 01 16, 0772 98 89 01, 0552 98 89 01 номерлерине байланышса болот.

Пикир

Оставить комментарий