• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын баштапкы капиталы 13,3 млрд сомду түздү

Экономика 0

Бишкек, 07.06.23. /Кабар/. Мамлекеттик ипотекалык компаниянын баштапкы капиталы 13,3 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

- 2016-жылы - 310 млн сом (уставдык капиталды түзүүнү эсепке алуу менен 10 млн сом);

- 2019-жылы - 100 млн сом;

- 2021-жылы - 5,3 млрд сом;

- 2021-жылы каралган каражаттардын 500,0 млн сому;

- 4 млрд сому "МИК" ААКтан алынган финансылык каражаттар, мурда алынган кредиттер боюнча карыздарды жабуу үчүн;

- 2022-жылы - 3,8 млрд сом;

"МИК" ААКнын уставдык капиталына салым катары 99,2 млн сом суммасында турак жай объектилери которулган.

2 кабаттуу үй, 1,5 млрд сом өлчөмүндөгү жер тилкелери "МИК" ААКнын уставдык капиталына салым катары которулган.

- 2023-жылы (январь-май) - 2,2 млрд сом.

Пикир

Оставить комментарий