• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Мамлекеттик ипотекалык турак жай социалдык байланыштарды чыңдайт - экономист

Коом 0

Бишкек, 30.08.24. /Кабар/. Мамлекет ипотекалык жана жеткиликтүү турак жай куруу программасын активдүү колдосо, бул калктын экономикага болгон ишенимин арттырып, өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине экономика илимдеринин доктору Назира Төлөндиева билдирди.

Анын айтымында, жалпысынан Кыргызстандагы курулуш жана турак жай секторун өнүктүрүү экономикалык өсүштү, жашоо сапатын жакшыртууга жана социалдык байланыштарды чыңдоого түрткү болот.

"Калктын жашоо деңгээлин жогорулаткан сапаттуу турак жай жана инфратүзүм, мисалы жолдор, электр энергиясы, таза суу менен камсыздоо жарандардын жашоо шартын жакшыртууга көмөктөшөт. Бул өз учурунда адамдардын эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатып, коомдук ден соолукту чыңдайт. Ошондой эле аймактарды жана шаарларды туруктуу өнүктүрүү багытында да заманбап турак жайларды анын ичинен ипотекалык үйлөрдү куруу маанилүү.

Алсак, турак жай куруу долбоорлору мектеп, бала бакча, медициналык мекемелер сыяктуу социалдык объекттерди камтыйт. Алар аймактарды өнүктүрүүгө жана элдин жашоо сапатын жакшыртууга жардам берет. Туруктуу жана функционалдуу шаар аймактарын түзүү аркылуу жаңы жашоочулар тартылса, ал эми бизнеске инвестиция келет”, - деди Назира Төлөндиева.

Пикир

Оставить комментарий