• 87
  • 90.41
  • 0.84

Мамлекеттик ипотекалык компания уставдык капиталын 3,5 млрд сомго көбөйттү

Экономика 0

Бишкек, 01.11.24. /Кабар/. "Мамлекеттик ипотекалык компания" ААК уставдык капиталын 3,5 млрд сомго көбөйтүүнү чечти. Мындай чечим акционерлердин 29-октябрдагы жыйынында кабыл алынганын Кыргыз фондулук биржасынан билдиришти.

Документте 3 млрд 503,8 млн сом "Мамлекеттик ипотекалык компания" ААКтын жөнөкөй акцияларынын кезектеги чыгарылышын каттоо жана жайгаштыруу жолу менен жүгүртүүдөгү жөнөкөй акциялардын санын көбөйтүүгө жумшала тургандыгы айтылат:

Ошондой эле жыйында "Мамлекеттик ипотекалык компания" ААКты Кыргызстандын юстиция органдарынан кайра каттоо жол-жобосун жүргүзүү жана өзгөртүүлөрдү эске алуу менен уставын бекитүү чечими кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий