• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Мамлекеттик кайра аттестациялоодон өткөн үрөнчүлүк чарбаларынын тизмеси бекитилди

Өкмөт 0

Бишкек, 14.02.22. /Кабар/. 2017-2020-жылдардагы иштин жыйынтыгы боюнча мамлекеттик кайра аттестациялоодон өткөн Кыргыз Республикасынын үрөнчүлүк чарбаларынын, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин мамлекеттик сорт сыноо станцияларынын жана мамлекеттик сорт сыноо участокторунун тизмеси бекитилди. Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон, - деп билдирет министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.

Аталган чечим республиканын айыл чарба товарларын өндүрүүчүлөрүн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жогорку сапаттагы сертификатталган үрөндөрү менен камсыздоодо үрөнчүлүк чарбалардын, мамлекеттик сорт сыноо станцияларынын жана мамлекеттик сорт сыноо участокторунун ролун күчөтүү максатында кабыл алынган.

Пикир

Оставить комментарий