• 85.5
  • 93.05
  • 0.87

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов «Аксакалдардын насааттары» тегерек столуна катышты

Коом 0

Бишкек, 27.12.21./Кабар/. Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов бүгүн, 27-декабрда, «Аксакалдардын насааттары» тегерек столуна катышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Мамлекеттик катчы тегерек столдун катышуучуларынын алдында сүйлөп жатып аксакалдардын насааттарынын Кыргызстандын жаш мууну үчүн баалуулугун белгиледи.

»Диний ишмерлерибиз менен акскалдарыбыздын бүгүнкү жыйындагы жолугушуусу өтө актуалдуу, алардын кеңештери коомчулук үчүн маанилүү. Анткени бизге алардын кеңештери, сунуштары жана тажрыйбасы керек. Алардын айткандары биз үчүн ыйык», — деп белгиледи Сүйүнбек Касмамбетов.

Иш-чарага ошондой эле мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, диний ишмерлер, профессорлор, дарыгерлер, Кыргызстанда жашаган этникалык топтордун аксакалдары катышты.

Тегерек столдун катышуучулары Кыргызстандагы дин жана адамдык өнүгүүгө байланышкан маселелерди талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий