• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

Мамлекеттик катчы Швейцария элчиси Оливье Бангертерди кабыл алды

Саясат 0

Бишкек, 31.03.22. /Кабар/. Мамлекетттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов бүгүн, 31-мартта, Кыргызстандагы Швейцария Конфедерациясынын элчиси Оливье Бангертерди кабыл алды.

Президенттин администрациясынын маалымат саясат кызматы билдиргендей, жолугушууда эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды.

Мамлекеттик катчы швейцариялык элчини өлкөлөр ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктап, Швейцария Кыргызстан үчүн тышкы саясий жактан маанилүү өнөктөш экенин белгиледи.

Сүйүнбек Касмамбетов Швейцария өкмөтүнүн жаңы программасынын алкагында өз ара пайдалуу кызматташууга даяр экендигин ырастады.

Ал ошондой эле Швейцариянын элчисине мамлекеттик идеологияны өнүктүрүү жана улуттук биримдикти чыңдоо, Кыргызстандын көп улуттуу элинин маданиятын, тилин, каада-салтын жана үрп-адатын сактоо жана жайылтуу чөйрөсүндөгү иш-чаралар тууралуу маалымат берди.

Ошону менен бирге Мамлекеттик катчы Швейцариялык элчиге «Кыргыз жараны» концепциясынын максаттары жана милдеттери тууралуу маалымат берди.

Өз кезегинде Оливье Бангертер Швейцария Кыргызстан менен достук мамилени жогору баалай турганын белгилеп, өлкөнүн социалдык-экономикалык жана демократиялык өнүгүүсүн колдоо максатында көп кырдуу кызматташууга анын өлкөсү кызыкдар экенин белгиледи.

Элчи көп улуттуу Швейцарияда улуттук идеология, биримдик жана жарандык иденттүүлүк маселелерине абдан чоң көңүл бурулуп жатканын баса белгиледи. Буга байланыштуу элчи кыргыз бийлигинин бул багыттагы ишмердүүлүгүн кубаттады.

Пикир

Оставить комментарий