Бишкек, 25.12.24. /Кабар/. Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиги 2024-жылы республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүүгө жана өлкөнүн экономикасын чыңдоого салым кошкон олуттуу ийгиликтерге жетишти.
Агенттиктен билдиришкендей, 2024-жылдын 20-декабрында Мамлекеттик мүлк агенттигинин ишмердүүлүгүнөн республикалык бюджетке 31 млрд 824,9 млн сом бөлүнгөн, бул 2023-жылга салыштырмалуу 133,8%га көп. Ал эми 2020-жылга салыштырмалуу 29 млрд сомго көп.
Белгиленгендей, мындай көрсөткүч агенттик үчүн тарыхый рекорд болду.
Кирешенин көбөйүшүнүн негизги факторлорунун бири мамлекеттик ири компаниялардын дивиденддери болгондугу белгиленген.
2024-жылы бюджетке 21 млрд 376,4 млн сом түшкөн, бул 2020-жылы түшкөн 2 млрд 176 млн сомдон алда канча көп. Дивиденддерди алган эң ири акционерлердин арасында:
• «Кыргызалтын» ААК – 11 млрд 385 млн сом;
• «Айыл Банк» ААК – 5 млрд 420 млн сом;
• «Элдик Банк» ААК – 2 млрд 472 млн сом;
• «Манас Эл аралык аэропорту» ААК – 1 млрд 013 млн сом;
• «Кыргызнефтегаз» ААК – 620 млн 801 миң сом.
Ошондой эле, мамлекеттик ишканаларды капиталдаштыруу оң динамикасын көрсөттү. Акыркы 5 жылда бир катар ири мамлекеттик компаниялардын уставдык капиталы көбөйдү, анын ичинде:
• «Айыл Банк» ААКсы – 3 млрд 476 млн сомдон 16 млрд 467 млн сомго чейин;
• «Элдик Банк» ААКы – 2 млрд 333 млн сомдон 11 млрд 401 млн сомго чейин;
• «Кыргызстандын аэропорттору» ААК – 11 млрд 747 млн сомдон 14 млрд 480,2 млн сомго чейин.
Мамлекеттик ишканалардын жана акционердик коомдордун активдери да 2020-жылдан бери 200%га өсүп, 463 млрд сомду түздү.
Мындан тышкары, Мамлекеттик мүлк агенттигинин ишинин маанилүү багыттарынын бири мамлекеттик ишканаларды оптималдаштыруу болуп саналат. Акыркы жылдарда мамлекеттик ишканалардын саны кыйла кыскартылды, 2021-жылдагы 103төн 2023-жылы 59га чейин, анын ичинде айыл чарба тармагындагы 22 ишкананы 4кө бириктирүү жолу менен кыскартылды.
«Мамлекеттик ишканалардын көрсөткүчтөрүнүн динамикасы өсүүнү көрсөтүүдө. Маселен, 2024-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик ишканалардын жалпы таза кирешеси 3 млрд сомду, жалпы кирешеси 20,5 млрд сомду, ал эми чыгашасы 17,4 млрд сомду түздү», - деп баса белгиледи мекеме.
Мамлекеттик ишканалардын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу максатында аларды 2027-жылга чейин бюджетке таза пайданын 50 пайызын төлөөдөн бошотуу чечими кабыл алынды. Бул чаралар мамлекеттик компаниялардын мындан аркы өнүгүшүнө жана туруктуулугуна өбөлгө түзөт.
Пикир
Оставить комментарий