Бишкек, 22.01.25. /Кабар/. Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин кызматкерлеринин катышуусунда коррупцияга каршы күрөшүү боюнча кеңешме өттү.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришкендей, кеңешменин күн тартибине ылайык катышуучуларга коррупциялык мүнөздөгү кылмыштарга карата жазалардын катаалдашуусу, "Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" КР мыйзамынын ченемдери боюнча түшүндүрмөлөр берилди.
УКМКнын укук коргоо органдары менен биргеликте коррупцияга каршы жүргүзгөн тынымсыз аракетине карабастан 2020-жылдын октябрынан 2024-жылдын декабрына чейинки статистикалык маалыматтарга ылайык, Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинин ишмердүүлүгүндө мурда калыптанып калган туруктуу коррупциялык схемалардын жоюлбагандыгы байкалууда.
Тактап айтканда, буга чейин 7 кылмыш иши козголуп, анын натыйжасында 5 кызмат адамы кармалып, коррупцияга аралашканы үчүн 4 кызматкер иштен алынса, ал эми 1 кызматкер уюшкан кылмыштуулукка байланышы болгондугу үчүн иштен алынган.
Ошону менен бирге УКМК кызматкерлери аталган агенттиктин ишмердүүлүгүндө мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүдө, мамлекеттик мүлктү ижарага алуу келишимдерин түзүүдө, мамлекеттик ишканаларда жана акционердик коомдордо мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө жана мамлекеттик мүлккө байланыштуу соттук маселелерди чечүүдө коррупциялык тобокелдиктер болгонун белгилешти.
Мындан улам агенттиктин кызматкерлерине, коррупциялык кылмыштар үчүн жазалардын катаалдашуусу боюнча төмөнкүдөй маалыматтар берилди:
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштарды жасагандыгы үчүн белгилүү бир мамлекеттик жана муниципалдык кызматты ээлөөгө, белгилүү бир иш менен алектенүүгө милдеттүү түрдө өмүр бою тыюу салууну дайындоо каралган;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштар үчүн айыптарды белгилөөчү ченемдик талаптар жокко чыкты;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштар үчүн күнөөнү таануу жана материалдык зыяндын ордун толук толтуруу жөнүндө макулдашуу түзүлгөндө, сот тарабынан күнөөлүү деп табылган беренеде каралган жазанын минималдуу мөөнөтүнүн жарымынан кем эмес мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу түрүндө жаза белгиленет;
- коррупциялык кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттолгон жаран: соттолгондугу жоюлганына же алынып салынганына карабастан, ошондой эле кылмыш ишинин кыскартылуусуна, же ал боюнча реабилитацияланганына карабастан – мамлекеттик же муниципалдык кызматка кабыл алынбайт.
- коррупциялык кылмыштарды жасоого күнөөлүү адамдардын мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды ээлөөсүнө милдеттүү түрдө жана өмүр бою тыюу салынат.
Кеңешмеде белгиленгендей, өлкө жетекчилиги тарабынан 2025-2026-жылдары коррупцияны абсолюттук жоюу милдети коюлган. Мындан улам катышуучуларга коррупцияны жүзөгө ашырууга же коррупциялык схемаларды уюштурууга жол бербөө жөнүндө эскертүүлөр берилди.
Пикир
Оставить комментарий