• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду электрондук сатып алууга өтүүдө

Экономика 0

Бишкек, 03.10.18. /Кабар/. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду (ММБФ) электрондук сатып алуулар аянтчасына өтүүдө. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Ренат Түлөбердиев билдирди.

Анын айтымында, бул коррупцияга бөгөт коюу максатында жасалууда.

“Андан тышкары бул жарандарга бардык жараяндан өтүүнү жеңилдетет. Жылына бизде 1 миңге жакын келишим түзүлөт. Кээде жарандарга аймактардан келүүгө туура келет. Бул убакытты жана каражатты талап кылат. Электрондук сатып алуулар аянтчасынын жардамы менен өлкөнүн бардык булуң-бурчунан келишим түзүүгө болот”, - деп билдирди ал.

Түлөбердиев маалымдагандай, автоматташтырылган форматта келишим түзүү үчүн юридикалык жактарда электрондук кол тамга, ал эми жеке жактарга – биометрикалык паспорт жана окурман керек.

“Мен 30-сентябрда тарта кагаз түрүндө билдирмелерди кабыл алууну токтоткондугубузду айта кетейин”, - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий