• 87.86
  • 93.94
  • 1

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунда 964,7 млн сомдук каржы бузуулар аныкталды

Коом 0

Бишкек, 06.09.23. /Кабар/. Эсептөө палатасы 2022-жылга карата Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунда республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнүн жана бюджеттин аткарылышына шайкештик аудит жүргүзүлгөн.

Ведомстводон билдиришкендей, анын жыйынтыгында фонддо жалпысынын 75 мыйзамдар бузуулар аныкталып, каржылык бузуулардын көлөмү 964 млн 782,7 миң сомду түздү. Анын ичинен 124 млн 23 миң сом калыбына келтирилүүгө тийиш, аудит убагында 1 млн 20 миң сом калыбына келтирилди.

Эсептөө палатасынын каржылык бузуулардын классификатору боюнча бузуулардын структурасы төмөнкүдөй:

- КР бюджеттик тутумунун бюджетинин долбоорун түзүүдө жана кароодо жол коюлган бузуулар: мыйзамдарды жана укуктук ченемдик актылардын жоболорун бузуулардын саны – 9, аныкталган каржылык бузуулардын көлөмү 610,5 миң сом, толугу менен калыбына келтирилүүгө тийиш;

- КР бюджеттик тутумунун бюджеттерин аткаруудагы бузуулар жана кемчиликтер: мыйзамдарды жана укуктук ченемдик актылардын жоболорун бузуулардын саны – 27, аныкталган каржылык бузуулардын көлөмү 920 024,2 миң сом, анын ичинен: 110 962,3 миң сом калыбына келтирилүүгө тийиш, аудит убагында 504,2 миң сом калыбына келтирилди;

- Мүлктү пайдалануудагы бузуулар жана кемчиликтер: саны – 11, аныкталган каржылык бузуулардын көлөмү 18 382,5 миң сом, анын ичинен: 10 567,2 миң сом калыбына келтирилүүгө тийиш, аудит убагында 389,1 миң сом калыбына келтирилди;

- Эсепке алуу жана отчеттуулуктун тартибин бузуулар: саны – 15, аныкталган каржылык бузуулардын көлөмү 10 674,6 миң сом, анын ичинен: 1 883,5 миң сом калыбына келтирилүүгө тийиш, аудит убагында 127,5 миң сом калыбына келтирилди;

- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзам бузуулар: саны – 5, аныкталган каржылык бузуулардын көлөмү 15 090,9 миң сом;

- Ченемдик укуктук актылардын жана эл аралык макулдашуулардын ченемдеринин коллизиялары жана жол-жоболук бузуулар: саны – 8, бул бөлүктө жол-жоболук бузуулар гана классификациялангандыктан акча-каражат түрүндө көрсөтүүгө мүмкүн эмес.

Пикир

Оставить комментарий