• 87
  • 90.41
  • 0.84

Мамлекеттик материалдык резервдер фонду 22,5 миң тонна буудай сатып алды

Экономика 0

Бишкек, 13.11.23. /Кабар/. 2023-жылдын 13-ноябрына карата республика боюнча Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан 22 миң 500 тонна аштык буудай сатып алынды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, сатылып алынган дан эгиндеринин сапаты үчүнчү класстан төмөн эмес жана курамындагы илешкектиги (клейковина) 23 пайыздан кем эмес.

Учурда буудай сатып алуу иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий