Мамлекеттик өнүктүрүү банкы 100 млн сомдук баалуу кагаздарды сатып алды

Экономика 0

Бишкек, 02.07.24. /Кабар/. Мамлекеттик өнүктүрүү банкы 100 млн сомдук баалуу кагаздарды сатып алды. Бул тууралуу Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын Тике инвестицияларды башкаруу жана структуралаштыруу департаментинин директору Токтобек Токоев “Кабар” маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымында, “Азия Банкынын” экинчи чыгарган облигациялары сатып алынды. Максаттуу программанын алкагында түшкөн каражаттар эми аял ишкерлерди жеңилдетилген насыялар менен каржылоого багытталат.

“Өлкөнүн негизги документтеринин бирден бири болгон баалуу кагаздарды өнүктүрүүдө Мамлекеттик өнүктүрүү банкы өзүбүздүн программабызды иштеп чыкканбыз. Бул программанын алкагында бүгүн биринчи иш-чарабыз өтүп жатат. Биз өзүбүздүн өнөктөш банкыбызды колдоп, экинчи чыгарган облигацияларын сатып алдык. Кыргызстан БУУнун мүчөсү катары программалык максаттарын колдоо боюнча иш-аракеттерин жүргүзөт. Мындан улам биздин банк социалдык долбоорлор аркылуу гендердик долбоорлорду каржылоону баштады”, - деп белгиледи Токтобек Токоев.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда биринчи жолу гендердик облигациялар сатыкка 2022-жылдын ноябрь айынан баштап чыккан. Баалуу кагаздар аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө багытталган долбоорлорду каржылоо үчүн ишкерлердин демилгеси менен чыгарылган.

Пикир

Оставить комментарий