• 87
  • 90.41
  • 0.84

Бийлик өкүлдөрү жер-жерлерде жергиликтүү тургундар менен жолугушууларды өткөрүүнү улантат

Президент 0

Бишкек, 18.07.22./Кабар/. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, мамлекеттик орган жетекчилеринин жер-жерлерде жергиликтүү тургундар менен жолугушууларды өткөрүүсү улантылат. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«Бул жолу Чүй облусунун тургундарында башкы прокурорго, министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басарына, ички иштер министрине жана башка министрликтин өкүлдөрүнө өз көйгөйлөрүн айтып, суроолорун узатуу мүмкүнчүлүгү болот», - дейт ал.

Төмөндө жолугушуулар өтө турган аймактардын дареги жана графиги.

Пикир

Оставить комментарий