• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештерине сынак жарыяланды

Өкмөт 0

Бишкек, 02.06.20. /Кабар/. Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештерине сынак жарыяланат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө» Мыйзамына ылайык, Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештеринин мүчөлөрүн тандоо боюнча комиссия (мындан ары – Комиссия) мамлекеттик органдардын коомдук кеңештеринин жаңы/учурдагы курамына коомчулук өкүлдөрүн, анын ичинде коммерциялык эмес уюмдардын, илимий чөйрөнүн, бизнес-ассоциациялардын, министрлик жана административдик ведомстволордун ишмердүүлүгүнө тийиштүү тармактардын экспертик чөйрөсүнүн, кесипкөй жана тармактык уюмдардын өкүлдөрүн кошумча сынакка тандоо үчүн документтерди кабыл алуусу тууралуу жарыялайт.

2020-жылдын 26-июнуна чейин Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө» Мыйзамынын 14-беренесинин 2-бөлүгүнүн талаптарына ылайык жана Коомдук кеңештердин буга чейинки курамынын иши аяктагандыгына байланыштуу төмөнкү Коомдук кеңештерге сынак жарыяланат:

- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги;

- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги;

- Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги;

- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги;

- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги;

- Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети;

- Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду.

2020-жылдын 26-июнуна чейин Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин коомдук кеңешинин учурдагы курамына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө» Мыйзамынын 14-беренесинин 11-бөлүгүнүн талаптарына ылайык аял талапкерлердин санынын жетишсиздигине байланыштуу төмөнкү мамлекеттик органдардын Коомдук кеңештеринин жаңы/негизги курамына талапкерлердин документтерин кабыл алуу мөөнөтү узартылат:

- Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы.

Коомдук кеңештердин мүчөлөрү 2 жылдык мөөнөткө шайланат.

Эскертүү: Бир уюмдан тигил, же бул коомдук кеңешке бир гана адам шайланышы мүмкүн. Бир эле адам бир гана коомдук кеңешке мүчө болуп шайлана алат.

Коомдук кеңештин курамына киргизүү үчүн талапкерлер жарандар жана уюмдар тарабынан, ошондой эле жарандардын өзүн өзү көрсөтүү жолу менен сунушталышы мүмкүн.

Коомдук кеңештин мүчөлүгүнө мурда соттолбогон, Кыргыз Республикасынын иш-аракетке жөндөмдүү жараны талапкер боло алат. Коомдук кеңештин мүчөлүгүнө талапкер төмөнкү критерийлерге ылайык келиши керек:

1) коомдук кеңеш түзүлүп жаткан министрликтин жана административдик ведомствонун жетекчилиги (жетекчиси же анын орун басарлары) менен жакын туугандык мамиледе болбошу;

2) коомдук кеңеш түзүлүп жаткан ошол министрликке жана администрациялык ведомствого тикелей көз каранды болбошу (лицензияны алуучу, контракттын негизинде товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчү жана у.с.);

3) мамлекеттик же муниципалдык кызматкер болбошу;

4) кынтыксыз ишкерлик кадыр-баркка ээ болушу;

5) тиешелүү министрликтин жана административдик ведомствонун ишин жакшыртуу боюнча көз караш, идеялар же сунуштар болушу керек;

6) активдүү коомдук ишмердик жүргүзүү, жарандык демилгелер тажрыйбасы болушу керек.

Сынакка катышуу үчүн талапкер Комиссияга төмөнкү документтерди тапшырууга тийиш (жазуу түрүндө жана мамлекеттик же расмий тилинде сунушталат):

1) Талапкерди тиешелүү коомдук кеңештин курамына киргизүү жөнүндө сунушу, бул талапкерди коомдук кеңештин курамына киргизүү үчүн негиздер, жүйөлөр камтылып Комиссияга даректелген жарандын же юридикалык жактын же жарандык жана/же юридикалык жактардын бирикмелеринин өзүн өзү көрсөтүүсү жөнүндө арызы же каты;

2) билими, кесипкөйлүк жана коомдук ишмердүүлүк тажрыйбасы, талапкердин туулган жылы жана жери (күнү/айы/жылы, айыл/шаар, район, облусу), байланыш маалыматтары (дареги, телефон номери, электрондук дареги) көрсөтүлгөн, өмүр баяны (резюме) сынакка документ тапшырууга чейинки 6 айдан берки сүрөтү менен маалыматтар;

3) талапкердин коомдук кеңешке өз катышуусу тууралуу көз карашы.

4) 2 сунуштама кат.

Сынакка катышуу үчүн документтер төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат:

1) 720003, Бишкек ш., Абдумомунов көч. 207 («Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү» белгиси менен) же osgo@mail.gov.kg электрондук почтасы аркылуу:

2) конкреттүү мамлекеттик органды белгилеп, «коомдук кеңешке сынакка» белгиси менен (PDF форматында көлөмү 5 МВдан ашпаган бир файл түрүндө) жөнөтүү сунушталат.

Коомдук кеңештерге шайлануу үчүн «Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген талаптарга ылайык келбеген документтерди тапшырган талапкерлер сынакка киргизилбейт.

Пикир

Оставить комментарий