• 85.8
  • 93.14
  • 0.88

Мамлекеттик салык кызматында студенттер үчүн Ачык эшик күндөрү өттү

Коом 0

Бишкек, 31.10.24. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы А.Токтоналиев атындагы Бишкек финансы-экономикалык техникумунун студенттери үчүн Ачык эшиктер күнүн өткөрдү.

Ведомстводон маалымдашкандай, иш-чарага 40тан ашык студент катышып, алар Салык кызматынын ишмердүүлүгү менен жакындан таанышып, Кыргызстандын салык системасы тууралуу маалымат алышты.

Жолугушуунун алкагында Салык кызматынын өкүлдөрү салык иштеринин негизги аспектилери, салык төлөөчүлөрдүн укуктары жана милдеттери, өлкө экономикасы үчүн салыктардын маанилүүлүгү, ошондой эле салык органдарына жумушка орношуу шарттары тууралуу айтып беришти.

Ошондой эле адистер студенттердин суроолоруна жооп берип, өздөрүнүн тажрыйбасындагы мисалдар менен бөлүшүп, "Салык төлөөчүнүн кабинетинин" онлайн салык кызматтарын алуу боюнча порталынын ишин көрсөтүштү. Студенттер маалымат системасынын иши менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышты.

Мындан сырткары, конокторго салык органдарынын ишиндеги ачык-айкындуулуктун мааниси жөнүндө айтып беришти.

Белгилей кетсек, мындай иш-чараларды өткөрүү жаштар арасындагы салык маданиятын жогорулатууга багытталган.

Пикир

Оставить комментарий