• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

«Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Президент 0

Бишкек, 26.06.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамга кол койду.

Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 20-июнунда кабыл алынган.

Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик сатып алууларды ишке ашырууда келип чыгуучу мамилелерди укуктук жөнгө салууну жакшыртуу максатында кабыл алынган Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 3-апрелиндеги № 72 «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамына бир топ маанилүү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий