Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматы мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жардам көрсөттү

Коом 0

Бишкек, 20.03.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматтын эмгек жааматы элдик Нооруз майрамына карата Ысык-Ата районундагы “Акыл-эси өспөй калган балдар үчүн Красноречка мектеп интернатына”, Сокулук ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн реабилитациялык борборуна жана Ош шаарындагы “Лотос үй-бүлөлүк балдар үйүнө гуманитардык жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин басма сз кызматы билдирди.

МСЭКнын жеке жамааты жалпы суммасы 44 000 сомго балдарды тамак-аш жана кир жуугуч каражаттар менен камсыз кылышты.

Кызматкерлер балдарды келе жаткан Нооруз майрамы менен куттуктап, аларга чың ден-соолук каалашты.

Пикир

Оставить комментарий