• 87
  • 90.41
  • 0.84

Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия сынак жарыялады

Коом 0

Бишкек, 21.10.24. /Кабар/. Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына карата сынак жарыяланды.

Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынан билдиришкендей, сынакка мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер катыша алат.

Сынактын жыйынтыгы 25-октябрда чыгарылып, жеңүүчүлөр баалуу белектерге ээ болот. Буга чейин мекеме тарабынан төрт айлык сынак жарыялаган. Биринчи айлыгынын жеңүүчүлөрүнө 23-сентябрда планшеттер тапшырылган болчу.

Белгиленгендей, иш-чара мамлекеттик тилди өнүктүрүү аркылуу мамлекеттүүлүктүн негиздерин чыӊдоо, мамлекеттик тил мыйзамынын конституциялык даражасын таануу жана мамлекеттик тилди колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү максатын көздөйт. Буга байланыштуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кеп маданиятынын сабаттуулугун жогорулатуу максатында экинчи айлыктын сынагы жарыяланган.

Пикир

Оставить комментарий