Бишкек, 25.12.24. /Чолпон Жумалиева – Кабар/. Мамлекеттик жөнгө салуу күчөтүлүп, өткөн жылы 2 лицензия токтотулса, быйыл 609 лицензия токтотулду. Бул тууралуу Мамкурулуш агенттигинин директору Нурдан Орунтаев журналисттер үчүн уюштурулган маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, жүргүзүлгөн бир катар иштердин натыйжасында лицензияларды ачык сатуу коррупциялык элементтери жоюлуп, лицензиялардын мамлекеттик төлөмдөрү мурда 1000 сом болсо, азыр 150 миң сомдон 1,5 млн сомго чейин көтөрүлгөн.
"Курулушка лицензия алуу процесси жөнөкөйлөштүрүлүп – талап кылынуучу документтердин саны 23төн 6 документке чейин кыскарды. Мындай лицензия алуу процессин жөнөкөйлөштүрүү коррупциялык элементтерди жоюп, 2024-жылы бюджетке 70 млн сом түшүшүнө шарт түздү, өткөн жылы болгону 520 миң сом түшкөн", - деди Мамкурулуштун жетекчиси.
Ошондой эле Орунтаев курулуш компаниясын ачып ишкерлик кылам дегендер лицензия алуу үчүн коррупциялык жолдорго аралашпай, мамлекеттик курулуш агенттигине түз кайрылуулары зарыл экендигин белгиледи.
Пикир
Оставить комментарий