• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер арасында өткөрүлгөн сынактын жеңүүчүлөрү сыйланды

Коом 0

Бишкек, 23.09.24. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер арасында өткөрүлгөн сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды. Сыйлык тапшыруу аземи Мамлекеттик тил күнүнө карата уюштурулган салтанаттуу иш-чарада тапшырылды.

Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиевдин айтымында, сынак Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана мамлекеттик тилдин 35 жылдыгына карата уюштурулду. Сынак 15-августтан 15-сентябрга чейин өткөрүлдү.

"Атайын түзүлгөн жумушчу топ сынактын талаптарына толук жооп берген 29 видеобаянды калыстар тобунун кароосуна киргизди. Талапкерлер тандоонун экинчи турунда онлайн тесттен өтүштү. Видеобаян жана тестирлөөнүн жалпы жыйынтыгы боюнча эң көп балл алган 5 талапкер жеңүүчү деп табылды", - деди ал.

Мураталиев белгилегендей, сыйлыкка Салык кызматынын, Бишкек шаарынын Октябрь райондук администрациясынын, Юстиция министрлигине караштуу Кайтаруу жана конвой менен коштоп жүрүү кызматынын, Социалдык фонддун жана Ош шаарынын мэриясынын кызматкери татыды. Аларга улуттук комиссиянын Ардак грамотасы жана баалуу белектер тапшырылды. Ошондой эле иш-чарада мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн бир катар кыргызстандыктарга Ардак грамота жана "Кыргыз тили" төш белгиси ыйгарылды.

Пикир

Оставить комментарий