• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

Мамлекеттик жана ЖӨБ органдары жарандарга консультациялык-укуктук жардам көрсөтүүнү улантууда

Өкмөт 0

Бишкек, 12.07.22. /Кабар/. Кыргызстандын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-декабрындагы № 594 токтому менен бекитилген «Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун жана мамлекет кепилдеген юридикалык жардам тутумунун субъекттеринин өз ара аракеттенүү Тартибин жарандарга консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү жаатында так сактоосу тапшырылды.

Кыргыз Республикасынын бардык жарандары, чет өлкөлүк жарандар, ошондой эле жарандыгы жок адамдар жана качкындар юридикалык консультация алууга укуктуу.

Юридикалык консультациялык жардам бардык мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан оозеки, кат түрүндө, ошондой эле башка коммуникациялык жеткиликтүү байланыштардын төмөнкү түрүндө берилиши керек:

- укуктук маалымат;

- укуктук маселлер боюнча консультацияларды жана түшүндүрмөлөрдү берүү;

- арыздарды, даттанууларды жана юридикалык мүнөздөгү башка документтерди (процессуалдык мүнөздөгү документтерден тышкары) түзүү;

- адамдын квалификациялуу юридикалык жардамга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга көмөк көрсөтүү;

- юридикалык жардамдын башка түрлөрү.

Президенттин администрациясы бардык деңгээлдеги мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү боюнча маселени жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн жоопкерчиликти эскертет.

Пикир

Оставить комментарий