• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчыларды ротациялоо тартиби жөнүндө жобо бекитилди

Президент 0

Бишкек, 25.02.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын ротациялоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Жарлыктын максаты мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын натыйжалуулугун жогорулатуу, мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында КРнын жарандарынын кесиптик ишмердигинин жолун улануучулугун, туруктуулугун жана көз карандысыздыгын камсыз кылуу.

Бул Жарлык кызматчыларды ротациялоонун шарттарын жана тартибин аныктоого багытталган, мисалы, ротациялоонун максаттары жана түрлөрү, ротациялоону өткөрүү үчүн кызматчынын ээлеген кызматта болуу мөөнөтү, кызматчыны ротациялоодо эмгек акы төлөө шарттары ж. б.

Жобо төмөндө тиркелет:

Пикир

Оставить комментарий