Бишкек, 20.12.24. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. Мамлекеттин экономикалык өсүшү жаңы тарыхый чектерди багындырууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн Бишкекте өтүп жаткан III Элдик курултайдагы кайрылуусунда билдирди.
Мамлекет башчысы белгилегендей, 2020-жылы ички дүң продукциянын көлөмү 639 млрд сомду түзсө, быйыл 1,5 трлн сомдук чекке жетүү пландалууда.
"Жылдан жылга өлкөнүн бюджети да тездик менен өсүүдө. Бюджет 2020-жылы 247 млрд сомду түзгөн. Быйыл жылдын аягына чейин 687 млрд сомго жеткиребиз, бул 2020-жылдын көрсөткүчүнөн дээрлик үч эсе жогору.
2025-жылы 700 млрд сомдон ашырып, муну менен биз өлкөнүн финансылык өзөгүн мындан ары да бекемдей беребиз", - деди президент.
Пикир
Оставить комментарий