• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Маморгандар үчүн ченем жаратуу иши боюнча онлайн тренингдер өткөрүлөт

Коом 0

Бишкек, 18.12.20. /Кабар/. 2020-жылдын 17-18-декабрь күндөрү Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги онлайн-форматта ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуучу жана жылдыруучу аткаруу бийлигинин кызматкерлери үчүн ченем жаратуу иши боюнча окутуу тренингдердин өткөрүүдө.

Юстиция министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, тренингдин алкагында ЧУА долбоорлорун иштеп чыгуу, өкмөттүн Регламентинин алкагында ЧУА долбоорлорун илгерилетүү өзгөчөлүктөрү жана Коомдук талкулоонун бирдиктүү порталынын (koomtalkuu.gov.kg) үч айдагы ишинин жыйынтыгы боюнча презентациялар пландаштырылууда. Ошондой эле суроо-жооп форматында талкуу каралган.

Тренерлер катары көзкарандысыз эксперттер жана ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуучу жана экспертизалоочу Юстиция министрлигинин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери ишке тартылган.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-августундагы 277-р буйругуна ылайык, Бирдиктүү портал пилоттук режимде ишке киргизилген жана анын иштөө Тартиби бекитилген.

Онлайн тренингдер Европа Бирлигинин «Кыргыз Республикасында Укуктун үстөмдүгү -2-фаза» программасынын колдоосу менен өткөрүлүүдө.

Ошондой эле тренингдер ушул жылдын 23,-24-25-декабрына пландаштырылган.

Пикир

Оставить комментарий