• 87
  • 90.41
  • 0.84

Мамытканов: Республиканын жарандарынын шайлоо укугун ишке ашыруусу үчүн бардык шарттар түзүлгөн

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 07.01.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Максат Мамытканов үстүбүздөгү жылдын 10-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоону уюштурууда шайлоо комиссияларына кѳмѳк кѳрсѳтүү боюнча республикалык штабдын кеңешмесин өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Вице-премьер-министр белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоого даярдыктар жыйынтыкталуу алдында турат.

«Учурда бардык шайлоо участокторунун даярдыгы текшерилүүдө, алар иш алып барууга даяр. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү шайлоону жогорку уюшкандыкта өткөрүү үчүн бардык күч-аракетти багыттагандыгын ишенимдүү түрдө айта алам», - деди ал.

Андан соң Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын жана мамлекеттик орган жетекчилеринин маалыматы угулду.

Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрүнүн айтымында, Кыргыз Республикасынын Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоону жана референдумду өткөрүү жана ага даярдык көрүү маалында жарандардын санитардык-эпидемиологиялык коопсуздугун жана коронавирус инфекциясынан сактоону камсыздоо боюнча иш-аракеттер алгоритми иштелип чыккан.

Өз кезегинде вице-премьер-министр белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоосун уюштурууда мамлекеттик орган жетекчилерине жеке жоопкерчилик жүктөлгөн.

Ал кошумчалагандай, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүндө 2021-жылдын 9-10-январында «түз байланыш» иштейт, ал аркылуу чыгып, электрдин, интернеттин жоктугун, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү тараптан эрежелердин сакталбай жаткандыгы, беткап жана бекитилген санитардык жана баша талаптардын сакталбай жаткандыгы тууралуу маалымдоого болот.

«Республиканын жарандарынын шайлоо укугун ишке ашыруусу үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Бул биздин өлкөнүн тарыхындагы эң таза жана ачык-айкын шайлоо болот», - деп жыйынтыктады Максат Мамытканов.

Пикир

Оставить комментарий