• 87
  • 90.41
  • 0.84

Мамытов: 7-апрель — кыргызстандыктардын эркиндик, демократия жана акыйкаттык үчүн күрөшкөн күнү

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 07.04.21. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов 7-апрель — Апрель элдик революциясы күнүнө карата кайрылуу жасады. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Анда мындай деп айтылат:

Урматтуу мекендештер!

Кымбаттуу кыргызстандыктар!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин атынан 7-апрель - Элдик апрель революциясы күнү менен чын дилимден куттуктайм!

7-апрель - кыргызстандыктардын эркиндик, демократия жана акыйкаттык үчүн күрөшкөн күнү. Ушул күн карапайым калктын аракети менен ишке ашып, элдин эркиндикке болгон умтулуусун, бийликти мыйзамсыз түрдө басып алууга каршы күрөшкөн кайратын, өлкө келечеги үчүн өзүн курмандыкка чалган эрктүүлүгүн чагылдырып турат.

Тилекке каршы ал күрөш көп жоготуулар менен коштолду. Көптөгөн мекендештерибиз жарадар болуп, ден соолугунан ажырады. Андыктан, Апрель элдик революциясынын кыргыз тарыхындагы орду өтө маанилүү. Аны ар убак өкүнүү менен эскерип, элибиздин тайманбастыгына дайыма таазим кылабыз.

Ардактуу Элдик апрель революциясынын катышуучулары!

Сиздер ошол күндөрү кыргыз мамлекетинин кайра жаралуусу үчүн зор салым коштуңуздар. Ар бир келечек муун 2010-жылдын 7-апрелинде болуп өткөн окуялардын курмандыктарын унутушпайт. Эр-азаматтарыбыз жаштарга элдин эркиндиги менен тынчтыгы үчүн күрөшкөн улуу инсандар катары үлгү болуп кала берет. Эркиндик жана чындык үчүн өз өмүрүн арнагандардын элеси жүрөгүбүздө түбөлүк сакталат.

Мындан ары мамлекетибиз гүлдөп-өсүп, коогалаңдуу окуялар эч качан кайталанбасын! Өлкөбүзгө тынчтык, ынтымак менен ырашкерлик орносун!

Пикир

Оставить комментарий