“Манас” ААКсы Талас менен Нарындагы аэропорттордун ремонтуна каражат жумшоого даяр

Экономика 0

Бишкек, 30.10.18. /Тумара Туратбекова – Кабар/. “Манас Эл аралык аэропорту” АККсы эгерде авиакомпаниялар ушул каттамдар боюнча рейстерди үзгүлтүксүз жүргүзүп турууга даяр болсо, анда “Талас” жана “Нарын” аэропортторунун ремонт иштери үчүн каражат жумшоого даяр. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине ведомстводон кабарлашты.

“Биздин компания аэропортторду оңдоо иштери үчүн каражат жумшоого даяр, бирок бардыгы авиакомпаниялардан көз каранды болот. Эгерде алар аталган каттам боюнча туруктуу рейстерди жүргүзүп турууга даяр болсо”,-деп кабарлашты басма сөз кызматтан.

Алардын маалыматы боюнча, Кыргызстанда 11 аэропорт бар: “Манас”, “Ош”, “Ысык-Көл”, “Каракол”, “Баткен, “Исфана”, “Жалал-Абад”, “Казарман”, “Кербен”, “Талас” жана “Нарын”.

“5 аэропорт – Ош, Жалал-Абад, Баткен, Исфана жана “Манас” аэропорту жыл бою иштейт, башкача айтканда учуу каттамдары ар дайым жүргүзүлүп турат. “Ысык-Көл” жайкысын, “Каракол” кышында гана иштейт. Ал эми башка аэропорттордогу каттамдар чартер аркылуу гана жеке тапшырык болгон кезде иштейт”,- деп айтылат маалыматта.

“Байсал” жеке авиакассасынан билдиришкендей, кардарлар көбүнчөсү “Нарын” же “Таласка” болгон билеттерге кызыгышат: “Жүргүнчүлөр жок дегенде жумасына бир жолу Ысык-Көлгө каттам коюп коюуну суранышууда”.

Пикир

Оставить комментарий