• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

“Манас” аэропорту" ААК жарандардан санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоону өтүнөт

Коом 0

Бишкек, 02.02.21. /Кабар/. "Манас" эл аралык аэропорту" ААК жарандарга санитардык-карантиндик талаптарды эске алуу менен жүргүнчүлөр рейстеринин учуп келүүсүн жана тейленишин уюштуруу жана тейлөө боюнча талаптарга түшүнүү менен мамиле кылуу өтүнүчү менен кайрылуу жасады.

Маалыматка ылайык, "Манас", "Ош" жана "Ысык-Көл" эл аралык аэропорттору бүгүнкү күндө ички, эл аралык жана чартердик каттамдары ишке ашырууда.

Алсак, аэровокзалда коопсуздук максатында социалдык аралыкты сактоо үчүн (1,5 метр) чийиндер атайын жайгаштырылган жана дезинфекциялык каражаттар жетиштүү санда. Аэропорттор ичинде беткап режимин сактоо жана көзөмөлдөн өткөндөн кийин жайларда беткапты чечпөө талап кылынат.

“Акыркы учурларда көптөгөн жүргүнчүлөр тилекке каршы, санитардык-эпидемиологиялык талаптарды этибарга албай, ал эми аэропорттун кызматкерлеринин айткандарына эмоционалдуу мамиле кылып жатканы байкалууда”, - деп айтылат маалыматта.

Буга байланыштуу "МЭА" ААК бардыгыңыздарды санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоону, өз ден соолугунуздарга көңүл бурууну жана аэропорттордун кызматкерлерин ашыкча тобокелдикке учуратпоону өтүнөт.

Пикир

Оставить комментарий