• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

“Манас” аэропорту “Асман Эйрлайнс” компаниясынын билет баалары боюнча комментарий берди

Коом 0

Бишкек, 26.09.24 /Кабар/. “Асман Эйрлайнс” мамлекеттик компаниясынын авиабилеттеринин бааларынын өсүшү боюнча айтылган кайрылууларга байланыштуу “Кабар” агенттиги “Манас” эл аралык" аэропортунан комментарий алды.

Аэропорттон билдиришкендей, компанияда баа түзүү принциби иштейт. Бул билеттин баалары сатылып алынган орундардын санына жараша өзгөрүшү мүмкүн экендигин билдирет. Канчалык көп орун брондолсо, суроо-талаптын өзгөрүшүнө жараша баалардын өзгөрүү ыктымалдыгы ошончолук жогору болот.

Маалыматка ылайык, 26-сентябрга карата ар бир каттамдагы акыркы беш орундун баалары төмөндөгүдөй:

1. Супер эконом – 4000 сом;
2. Толук эконом – 4500 сом;
3. Флекс эконом – 5000 сом.

Пикир

Оставить комментарий