• 86.8
  • 91.19
  • 0.85

"Манас" аэропортуна бомба коюлганы тууралуу билдирүү тастыкталган жок – милиция

Укук тартиби 0

Бишкек, 03.12.24. /Кабар/. “Манас” аэропортунда бомба коюлду деген маалымат тастыкталган жок, учурда аэровокзал штаттык режимде иштеп жатат. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы билдирди.

Маалыматка ылайык, милициянын нөөмөт бөлүмүнө аэропортто бомба коюлду деген билдирүү 2-декабрда саат 16:47де келип түшкөн.

Бул факт Чүй облустук ички иштер башкармалыгында катталып, текшерүү иштери башталды.

Окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу барып, аэропорттун аймагы дароо курчоого алынып, кызматкерлер жана жүргүнчүлөр эвакуацияланган.

Милиция кызматкерлери УКМК кызматкерлери менен биргеликте зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чараларды жүргүзүп, жеринде саперлор тобу иштеп, жыйынтыгында бул факт тастыкталган жок.

Аэропорттогу учуп келүүдө жана учуп кетүүдө эч кандай кечигүү болгон жок, учурда курчоо алынып, аэропорт кадимки штаттык режимде иш алып барууда.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгы КР Кылмыш-жаза кодексинин 259-беренесинде каралган "жарылуу, өрттөө же адамдардын өлүмүнө же оор залал келтирүү коркунучун жараткан башка аракеттер тууралуу атайылап жалган билдирүү жасоо" беш жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазаланарын эскертет.

Буга байланыштуу милиция жарандардан сак болууну жана билип туруп жалган маалымат бербөөнү өтүнөт.

Пикир

Оставить комментарий