"Манас" аэропортунда таксист Хусан Каримовдун өлтүрүлүшү Айеркен Саймаити менен байланышы жок – ИИМ

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 02.06.20. /Кабар/. "Манас" аэропортунда таксист Хусан Каримовдун өлтүрүлүшү Айеркен Саймаити менен байланышы жок. Бул тууралуу Айеркен Саймаитиге байланыштуу маалыматтарды иликтөө үчүн түзүлгөн депутаттык комиссиянын отурумунда ИИМдин тергөө башчысы Сыргак Айткурманов билдирди.

Анын айтымында, Саймаити боюнча Түркияга эки кайрылуу жөнөтүлгөн – Айеркен Саймаитинин өлүмүн ырастоо жана аны өлтүрүүгө шектелип кармалгандар боюнча.

Ал билдиргендей, Саймаитини өлтүрүүгө шектелип 4 адам кармалган.

"Алардын бири буйрутма аткарганын моюнуна алган", - деди ал.

Эскерте кетсек, таксист Каримов 2019-жылы 22-октябрда киши колдуу болгон. Анын денеси "Манас" аэропортундагы унаа токтотуучу жайда унаанын жүк салуучу бөлүгүндө табылган. Анын жанында 10 миң долларга акча болгону айтылат.

Кийинчерээк "Азаттыктын" журналисттик иликтөөсүндө Каримов Айеркен Саймаити менен Түркияга акча жөнөтүү боюнча иштегени айтылган.

Айеркен Саймаити 10-ноябрь күнү Стамбулда өлтүрүлгөн. Саймаитини ал кафеде отурган кезде атып кетишкен. Анын аты "Азаттыктын" журналисттик иликтөөсүндө айтылып, ири акча каражаттарын сыртка чыгарууда Саймаитинин Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Раимбек Матраимов менен байланышы тууралуу сөз болот.

Пикир

Оставить комментарий