• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

"Манас" аэропортунун терминалынын жарыктандыруу системасы жаңыланды

Коом 0

Бишкек, 18.08.24. /Кабар/. "Манас" аэропортунун терминалынын жарыктандыруу системасы жаңыланды. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропорту" ААК башкармалыгынын башчысы Манас Самидинов социалдык баракчасына бөлүштү.

Анын маалыматына ылайык, учурда терминалды оңдоо жана жакшыртуу иштери уланууда. "Биз терминалдын маңдайын жарык берүүчү жаңы жабдууларды орнотуу менен өнүгүүгө дагы бир кадам таштадык.

Заманбап жарыктандыруу системасы аэропорттун көркүн жана жагымдуулугун гана арттырбастан, имаратка өзгөчө жана стилдүү көрүнүш берет", - деди ал.

Самидинов белгилегендей, жарык берүүчү жабдуулар жаркыраган жарыктандырууну камсыздайт, бул визуалдык кабыл алууну гана жогорулатпастан, ошондой эле аэропорттун негизги транспорттук түйүн катары маанилүүлүгүн баса белгилейт. Буюрса алдыда дагы жаны багыттар жана жетишкендиктер турат деп баса белгилей алам.

Пикир

Оставить комментарий