• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

“Манас” эл аралык аэропорту 6 айда 3 млрд сомго чукул таза киреше тапты

Экономика 0

Бишкек, 31.07.24. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. “Манас” эл аралык аэропорту 6 айда 3 млрд сомго чукул таза киреше тапты. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропорту" ААК башкармалыгынын төрагасы Манас Самидинов "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, жалпы киреше 5 млрд 349 млн сомду түздү.

“Жалпы кирешеден сырткары 2 млрд 864 млн сом таза киреше болду. 2022-жыл 5 млрд сом, былтыркы жыл 6 млрд сом киреше менен жабылган. Быйылкы жылды 7 млрд сом менен жабууну пландап жатабыз”, - деди Самидинов.

Пикир

Оставить комментарий