• 84.24
  • 93.53
  • 0.91

“Манас” эл аралык аэропортунда зер буюмдарды текшере турган пост ачылды

Өкмөт 0

Бишкек, 01.10.24. /Кабар/. “Манас” эл аралык аэропортунда баалуу таштарды, баалуу металлдарды жана алардан жасалган зер буюмдары импорттоо-экспорттоо учурунда мамлекеттик көзөмөлдөө боюнча адистештирилген атайын пост ачылды. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Ведомстводон маалымдашкандай, бул иштер өлкөдө баалуу металлдар жана асыл таштар рыногун өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планын ишке ашыруунун алкагында жасалууда.

Адистештирилген атайын посттон ишкерлер мамлекеттик жана бажы көзөмөлүнөн өтүүсү ишкерлерге ыңгайлуу шарттарды түзүп берет.

Атайын постто мамлекеттик көзөмөлдү жүргүзүү үчүн төмөнкү процедуралар аткарылат:

- тиешелүү документтер текшерилет;
- алып келинген жана алып чыгарылуучу буюмдардын курамында баалуу металлдардын жана асыл таштардын бар экендиги аныкталат;
- зер буюмдарынын санын эсептеп, салмагын тартып, үлгүсү аныкталат жана мамлекеттик көзөмөл актысы даярдалат.

Эми ишкердик субъекттерге бажы кызматынынын жол-жоболоштуруу процессин бир жерден эле улантууга мүмкүндүк берет.

Пикир

Оставить комментарий