• 87
  • 91.29
  • 0.84

Манас районунда 59 гектар алма бак мамлекетке кайтарылды

Аймак 0

Бишкек, 18.12.24. /Кабар/. Манас районунда 59 гектар алма бак мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелерин аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Талас облусунун Манас районунун Үч-Коргон айылында жайгашкан 59 га алма бак мамлекеттин менчигине кайтарылды. Анын болжолдуу баасы 20 млн 650 миң сомду түзөт.

Сотко чейинки өндүрүштүн жыйынтыгында 2004-жылдан азыркы учурга чейин аталган алма бак өз багытында пайдаланылбай келгендиги аныкталып, жер тилкени мыйзамсыз пайдаланып жүргөн жаран жер мыйзамдарын бузгандыгын мойнуна алып, өз ыктыяры менен жер тилкесин мамлекеттин балансына кайтарып берген.

Пикир

Оставить комментарий