• 87
  • 90.41
  • 0.84

Манас районунда жаңы спорт комплекси ачылды

Аймак 0

Бишкек, 09.01.23. /Кабар/. Талас облусунун Манас районундагы Покровка айылында жаңы спорт комплекси ачылды. Бул тууралуу президенттин Талас облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Салтанаттуу иш-чарага президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, жергиликтүү тургундар катышты.

“2022-жылдын жыйынтыгы менен Талас облусунда 284 долбоорду ишке ашыруу үчүн 506 млн сом каралып, конкреттүү иштер жүрдү. Аймактарды өнүктүрүүдө эл өзү демилге көрсөтүп, социалдык, маданий, спорттук объектилерди куруп, элдин жарандык активдүүлүгү, өзү туулуп-өскөн жерине болгон урматы, сыйын, сүйүүсүн, алгылыктуу иштер менен толуктап жатат. Мен ушундай демилге көтөргөн инсандарга, ыраазычылыгымды билдирем”, - деди облус башчысы өз сөзүндө.

Белгилей кетсек, аталган имараттын курулушуна жалпысынан республикалык бюджеттен 38 млн сом акча каражаты сарпталды.

Пикир

Оставить комментарий