Бишкек, 08.01.25. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Кыргыз улуттук “Манас” театры 2024-жылы 250дөн ашык иш-чара өткөрдү. Бул тууралуу Кыргыз улуттук “Манас” театрынын директорунун орун басары, төкмө акын Кубат Тукешов радиолордун бирине берген маегинде билдирди.
Ал белгилегендей, "Манас" эпосун, ошондой эле чакан эпосторду жана манасчылардын, дастанчылардын чыгармачылыгын сактоо, жайылтуу жана илгерилетүүдө максатында өлкө аймактарында бир катар иш-чаралар өткөрүлдү.
“Манас" эпосун жайылтуу жана илгерилетүү максатында Кыргыз улуттук “Манас” театрында бир нече концерттер өткөрүлдү. Мындан сырткары, биздин манасчылар жер-жерлерге барып “Манас” эпосу тууралуу айтып берип жатышты. Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов бир нече мектепте “Манас” эпосу тууралуу ачык сабактарды өттү. Ошондой эле өткөн жылдын 4-декабрында өлкө боюнча “Манас” эпосунун күнү салтанаттуу белгиленди. Мындан сырткары, бир нече долбоорлор ишке ашты. Алсак, жакында эле бизде Интерньюстун төкмө акындарды окутуу боюнча долбоорунун алкагында “Жаңы жүздөр” аттуу айтыш болуп өттү. Негизинен 2024-жылы “Манас” эпосун жайылтууда алгылыктуу иштер жасалды”, - деди ал.
Тукешов кошумчалагандай, “Манас” эпосун өлкө аймагында эле эмес чет өлкөлөрдө да жайылтуу үчүн, Кыргыз улуттук “Манас” театрынын филиалдары чет өлкөлөрдө да ачылды.
“Кыргыз улуттук “Манас” театрынын филиалдары Иордонияда, Ташкентте ачылды. Ал жакта, ошол өлкөлөрдө билим алып жаткан кыргыз студенттер окуп жатышат”, - деди ал.
Пикир
Оставить комментарий