• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

"Манас" жана "Ош" аэропорттору аркылуу өлкөгө келгендер 14 күндүк карантинге алынат

COVID - 19 0

Бишкек, 22.03.20. /Кабар/. Эл аралык "Манас" жана "Ош" аэропорттору аркылуу өлкөгө келген жүргүнчүлөр 14 күндүк карантинге алынат. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, мындай чара коронавирусту алдын-ала аныктоо жана анын жайылышына жол бербөө максатында жасалууда.

Эскерте кетсек, 21-марттан баштап кыргыз жарандарын Россия, Дубай жана Делиден кайтарып келүү үчүн чартердик рейстердин графиги түзүлгөн.

Республикалык штабдын берген акыркы маалыматына таянсак, 22-мартка карата Кыргызстанда коронавирусту жаңыдан жугузуп алгандар катталган жок.

Учурда республика боюнча жалпы COVID-2019 илдетин жугузгандардын саны 14 (6 эркек, 8 аял):

-Баткен облусу – 1 адам, Сузак району – 8 адам, Ноокат району – 3 адам жана Бишкек шаарында – 2 адам.

Бейтаптардын жаш курактары 25 жаштан 80 жашка чейинкилер, бардыгы тиешелүү дарылануудан өтүүдө. Бейтаптар менен байланышта болгондордун саны – 2 миң 628 адам.

Пикир

Оставить комментарий