Марат Иманкулов Евробиримдиктин Афганистан боюнча атайын өкүлү менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 03.12.22. /Кабар/. КР Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Европа Биримдигинин Афганистан боюнча атайын өкүлү Томас Никлассон менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Афганистанда тынчтыкты жана туруктуулукту коргоо, эл аралык терроризмге, баңги аткезчилигине каршы күрөшүүгө көмөктөшүү, ошондой эле аймактагы коопсуздукту жана туруктуулукту сактоо маселелери талкууланды.

Афган маселелери боюнча эл аралык өз ара аракеттенүүнүн приоритеттүүлүгү жана афган элине тез арада гуманитардык жардам көрсөтүү зарылдыгы белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий