• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Марат Иманкулов ТМУга мүчө мамлекеттердин коопсуздук кеңештеринин катчыларынын жолугушуусуна катышты

Саясат 0

Бишкек, 20.09.24. /Кабар/. Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Казакстандын Түркстан шаарында Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө мамлекеттердин коопсуздук кеңештеринин катчыларынын үчүнчү жолугушуусуна катышты.

Марат Иманкулов өз сөзүндө дүйнөдөгү чыңалуунун жогорку деңгээлин жана ар бир өлкө жана жалпысынан ТМУ үчүн мурда белгилүү болгон, ошондой эле жаңы чакырыктар менен коркунучтардын таралуу коркунучун эске алуу менен бүгүнкү күндө биргелешкен координацияланган ишти жөн гана кырдаалды көзөмөлдө кармоо боюнча эмес, бардык күч-аракеттерди жоопкерчилик зонасында туруктуу укуктук тартипти, мыйзамдуулукту жана бекем стабилдүүлүктү камсыз кылууга багыттоо өзгөчө маанилүү.

Коопсуздук кеңешинин катчысы учурдагы аскердик конфликттерде ядролук, биологиялык жана башка массалык кыргын салуучу куралдардын жана кол салуулардын көбөйүп бараткан коркунучун өзгөчө белгиледи. Эл аралык кырдаалдын курчушунун тепкичтери боюнча мындан ары карай жылышы кырсыкка гана алып келери баса белгиленди. Ошону менен бирге Кыргыз Республикасы башкаруунун бардык деңгээлдеринде аскердик өз ара аракеттенүүгө караганда экономикалык жана дипломатиялык өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктуу принциптерин сактоону улантууда.

Сөз сүйлөөдө терроризмге, экстремизмге каршы аракеттенүү, суу, энергетика, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү башка тобокелдиктер белгиленди жана климаттын өзгөрүшүнө кечиктирилгис чараларды иштеп чыгуунун актуалдуулугу чагылдырылды.

Марат Иманкулов түрк мамлекеттеринин топтолгон зор өнүгүү потенциалына, байыркы тажрыйбага, терең тамыр жайган иденттүүлүккө жана жалпы маданиятка негизделген биргелешип аракеттенүүгө туруктуу саясий умтулуусу бар экенине ишенимин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий