• 87
  • 90.41
  • 0.84

Марипов жамаатка вице-премьер—экономика жана финансы министри Кармышаковду тааныштырды

Өкмөт 0

Бишкек, 04.02.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын премьер-министри Улукбек Марипов Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин борбордук аппаратынын жамаатына Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри—экономика жана финансы министри Улукбек Кармышаковду тааныштырды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Өкмөт башчы министрликтин жетекчилиги алдында турган негизги милдеттерди, анын катарында туруктуу экономикалык өнүгүү программасын иштеп чыгуу боюнча милдеттерди белгиледи.

«Учурда Экономика жана финансы министрлигине чоң жоопкерчилик жүктөлгөн. Кеп бардык социалдык милдеттенмелерди, республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу, экономиканы турукташтыруу боюнча ыкчам антикризистик чараларды кабыл алуу боюнча иштер тууралуу жүрүүдө», - деди Улукбек Марипов.

Премьер-министр вице-премьер-министр рангындагы министрдин ишине ийгиликтерди жана алдыга коюлган пландардын ишке ашуусун каалады.

Пикир

Оставить комментарий