• 85.5
  • 93.62
  • 0.88

Маршруткалардын айдоочулары жол кирени көтөрүүнү талап кылышууда, Бишкектин мэри буга каршы

Коом 0

Бишкек, 15.10.18 /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри коомдук транспорттогу жол киренин көтөрүлүшүнө каршы. Бул тууралуу фейсбуктагы баракчасына мэриянын аппаратынын башчысы Балбак Түлөбаев билдирди.

Анын айтымында, өткөн жумада мэр Азиз Суракматов маршруттук таксилердин айдоочулары менен жолугушуп, анда жол кирени көтөрүү маселеси талкууланган.

Түлөбаев жолугушуу учурунда Суракматов алгач айдоочулар маршруттардын санитардык жана техникалык абалын жакшыртуусу керектигин, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздап, жол кыймылынын эрежелерин сактап, жүргүнчүлөр менен сүйлөшүү маданиятын жакшыртышы керектигин айткандыгын жазган.

“Бишкектин мэри Азиз Суракматов маршруттук минибустардагы жол кире үчүн төлөмдүн жогорулашын колдобойт”, - деп жазган Б.Түлөбаев.

Эске салсак, микроавтобустардын айдоочулары сентябрда мэр менен жолугушуп, жол киренин баасын көтөрүү тууралуу маселени көтөрүшкөн. Бирок Азиз Суракматов жол кирени көтөрөрдөн мурда жол кыймылынын жана жүргүнчүлөрдү ташуунун эрежелерин сактоо тармагында тартипти сактоо керектигин айткан.

Пикир

Оставить комментарий