• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Март айынын аягында велосезондун ачылышы болот

Спорт 0

Бишкек, 16.01.19. /Кабар/. 2019-жылы велосезондун ачылышы 31-март күнү өтөт. Бул тууралуу велоспорт жана велотуризм Федерациясынан маалымдашкан.

Старт Адрахманов менен Чүй көчөлөрүнүн кесилишиндеги Уркуя Салиеванын эстелигинин жанында, ал эми финиш Түштүк дарбазалардагы Жеңиш паркында болот.

Иш-чаранын планы:

09:00 – Катышуучулардын чогулушу;

11:00 – Стартка даярдык. Жол эрежелерин түшүндүрүү. Веломарштын жүрүү маршрутун эскертүү;

11:30 – Старт;

12:00 - Финиш;

12:00-13:00 – Катышуучулар үчүн таза абада көңүл ачуу иш-чарасы;

15:30 – Иш-чаранын жабуу аземи.

Аталган спорттук иш-чарага баардык каалоочулар катыша алышат. Ал эми жашы жете элек балдар чоң кишилердин коштоосунда гана катышууга ураксат алышат.

Пикир

Оставить комментарий