• 86.8
  • 91.06
  • 0.83

Машыктыруучулардын кызматтан кетиши көп суроолорду жаратты – Акжол Махмудов

Спорт 0

Бишкек, 27.11.24. /Кабар/. Олимпиада оюндарынын күмүш жана коло байге ээси, дүйнөнүн эки жолку чемпиону, балбан Акжол Махмудов машыктыруучулардын кызматтан кетүүсү боюнча социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирүү жасады.

«Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучулары - Азат Эркинбаев, Улукбек Карачолоков жана Арсен Эралиевдин кызматтан кетиши мен үчүн күтүүсүз болду. Бул чечим жеке мен үчүн көптөгөн суроолорду жаратты, мойнума алам, бул кабар менин жүрөгүмө оор жүк болду”, - деп айтылат билдирүүдө.

«Урматтуу Азат Эркинбаев, Улукбек Карачолоков жана Арсен Эралиев, сиздердин жетекчилигиңиздердин алдында машыгуу мен үчүн чоң сыймык болду. Менин спортчу жана адам катары калыптанышыма кошкон эбегейсиз салымыңыздар үчүн сиздерге чын жүрөгүмдөн ыраазычылык билдиргим келет. Сиздердин эмгегиңиз баа жеткис жана менин жолумда силердей машыктыруучулар болгонуна сыймыктанам«,- деп жазды ал.

Белгилей кетсек, 25-ноябрда Кыргызстандын күрөш курамаларынын машыктыруучуларынын жалпы жыйыны өтүп, анда спорттук күрөш боюнча түрлөрүнүн улуттук курама командасына башкы жана улук машыктыруучулардын талапкерлиги көрсөтүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий