• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Мечитке келүүнүн тартиби жана талаптары — видео

Коом 0


Бишкек, 06.06.20. /Кабар/. Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы Республикалык ыкчам штабдын чечимине ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагындагы мечиттерге чектөөлөр алынгандыгына байланыштуу 2020-жылдын 8-июнунан баштап мечиттерди жана намазканаларды санитардык сактык чараларын толук сактоо менен бирге ишке киргизип баштайт.

КРнын Саламаттык сактоо министрлигинин алгоритмине ылайык, беш убак жамаат намазын, жума намаздарын өткөрүү максатында мечитке келүүдө жарандар төмөндөгү эрежелерди так аткаруусу талап кылынат:

Талаптар:

1.Күнүмдүк беш убак намазга жана жумага келүүчү жарандардын беткап тагынуусу талап кылынат.

2.Мечиттин айланасына дезинфекциялоочу каражаттарды жана келүүчүлөрдүн дене табын текшерүү иш-чараларын жүргүзүү керек.

3.Мечитте адамдардын ортосунда 1,5 метрлик аралыкты сактоо зарыл.

4.Жарандардын кол алышып, кучакташып көрүшүүсүнө тыюу салынат.

5.Даарат алчу жайларда аралыкты жана санитардык талаптарды сактоо зарыл.

6.Жаш балдар, жашы өтүп калган кары-картаңдар жана ооругандар, дене табы көтөрүлүп жаткан жарандардын мечитке келбей туруусу кажет.

7.Өлкө аймагындагы бардык мечиттерде даярдык жана түшүндүрүү иштерин мечиттердин имамдары жүргүзүүсү милдеттендирилет.

Сунуштар:

1.Дааратты үйдөн алуу жана сүннөт намаздарды үйдөн окуп келүү.

2.Мечитке келген жарандар көп убакытка кармалбай, 15-20 мүнөттүн аралыгында чыгып кетүү.

3.Жамаат намаздары ачык абада мечиттин короосунда өткөрүү.

4.Ар бир адам мечитке келгенде жайнамазын ала келүү.

Пикир

Оставить комментарий