• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Мечитте намаз окуп жаткан жарандын буюмдары уурдалган. Шектүү кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 29.03.23. /Кабар/. Бишкекте мечиттен жарандын уюлдук телефонун, унаасынын ачкычын жана башка буюмдарын уурдоого шектелип 31 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

2022-жылдын декабрь айында Бишкек шаарындагы конуштарынын биринде жайгашкан мечитке белгисиз жаран келип, башка бирөөнүн буюмдарын уурдап кеткени видеого түшүп калган. Ал уюлдук телефон, унаанын ачкычын жана башка буюмдарды алып кеткен.

Аталган факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин 2-бөлүмү (“Уурдоо”) менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, шектүү катары Алай районунун 31 жаштагы М.У. аттуу тургуну кармалган. Ошондой эле ал мурда соттолгону маалым болгон.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий