• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Медер Айкымбаев каза болгон апасына арналган клибин тартуулады

Коом 0

Бишкек, 22.07.24. /Айпери Кожоева - Кабар/. Бүгүн "Кабар" маалымат агенттигинде маданияттын эмгек сиңирген ишмери Ассоль Молдакматованын колдоосу менен маркум Рахима Айкымбаеванын уулу Медер Айкымбаевдин аткаруусундагы клиптин бет ачары өттү.

Рахима Айкымбаева 2024-жылы 3-апрелден 4-апрелге караган түнү "Манас" аэропортуна жакын Кут айылында мурдагы күйөөсүнүн ур-токмогунан каза болгон. Анын денесине 27 жолу бычак сайылган. Кылмышка шектелип анын 1991-жылы туулган жарандык никедеги күйөөсү К.Б. кармалган.

Коомдук ишмер Ассоль Молдокматованын жардамы менен анын жетим калган эки баласы Медер жана Сабыр Айкымбаевдер июнь айында American School мектебинин жайкы лагерине эс алып келишкен.Акыркы беш жыл аралыгында "Ассоль" фонду 5200гө жакын баланы Ысык-Көлдүн жээгинде эс алдырган.

Ассоль Молдокматованын айтымында, ата-энесинен ажыраган балдар менен жолугушууда Медер музыкант болуу кыялын, бирок ага мүмкүнчүлүгү болбогонун айтып, апасы тууралуу ырдан үзүндү айтып берген.

"Музыкант болууга кыялданам, бирок мүмкүнчүлүгүм жок деп апа тууралуу ырдап берген. Көз жашымды токтотууга мумкун болгон эмес. Болгон аракетибизди жумушап, каражат таптык. Медерге ыр жаздырып, клип тартып бердик", - деди Ассоль Молдокматова.

Ал кошумчалагандай, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутовго кат аркылуу кайрылып, балдарды тааныштырып, экскурция кылдык.

"Өз кезегинде министр балдарды Абдраев атындагы музыкалык мектеп-интернатында окуутууга сөз берди", - деди ал.

Ошондой эле музыкант Нурлан Жунушалиев өз сөзүндө Ассоль Молдокматова ыр жаздырып, клип тартууга жардам сураганда дароо макулдук бергенин айтты. "Медерди ырдатып көрүп, таланттуу экенине ынандым. Башында стресстин айынанбы, үнүндө кыйынчылыктар болду. Бирок анын үстүнөн иштеп, ыр жаздырдык. Медердин келечеги алыда, мыкты музыкант болоруна тилектешмин", - деди ал.

Белгилей кетсек, Эрлан Усубакунов "American school" чет тилдерин үйрөтүүчү уюмдун жетекчиси Медерди чет тилин акысыз негизде окута турганын айтып, балдарга Ысык-Көлгө эс алууга жолдомо берди.

"Кыйын мезгилде биздин уюм балдарга ар дайым колдоо көрсөтүп келген жана мындан ары да жакшы иштерди жасай бермекчибиз", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий